Марал Радиосу

Жапаров туристтерди Ысык-Көлгө келип эс алууга чакырды

Президент Садыр Жапаров бардык жарандарды жана туристтерди Ысык-Көлгө келип эс алууга чакырды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазган.

Курман айтка карата төрт күн катары менен эс алуу күнү болгондуктан президент Ысык-Көлгө эс алууга барган. Анын көл жээгинде эс алып жүргөн адамдар менен түшкөн сүрөтү фейсбукка чыкты.

«Ысык-Көл. Бир эле убакытта төрт мезгилди көрөсүң. Бүткүл дүйнө жүзүнөн Ысык-Көлгө келип эс алыңыздар. Июнь, июль, август айлары – эс алууга жакшы мезгил. Ноябрь, декабрь, январь, февраль, март айлары – Каракол тоосунда лыжа тебүү мезгили. Кош келиңиздер!», — деп жазган ал.