Марал Радиосу

20-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Эртең, 20-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17… +22, күндүз + 31 … +36;

Талас облусунда түнкүсүн +11 … +16, күндүз +28 … +33;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн + 18 … +23, күндүз +31 … +36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10 … +15, күндүз +23 … +28;

Нарын облусунда түнкүсүн +8 … +13, күндүз +21 … +26 градус ысык болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +19 … +21, күндүз +34 … +36 градус ысык болот.

Exit mobile version