Марал Радиосу

Жапаров Германия жетекчилигине суу ташкынынан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Ангела Меркелге жана өлкө президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге Германиядагы суу каптоонун кесепеттеринен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

«Кыргызстандын элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Түндүк Рейн-Вестфалия жана Рейнланд-Пфальц федералдык аймактарында суу каптап, анын кесепеттеринен көптөгөн адамдар каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эскерте кетсек, өткөн аптада нөшөрлөгөн жаандан кийин Германиянын батышында суу ташкыны болуп, анын айынан 150дөн ашык киши каза тапты. 700гө жакын адам жаракат алган.