Марал Радиосу

Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн 8 колледж ачылат

Кыргызстандагы сегиз колледж ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер үчүн жеткиликтүү болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, учурда Азия Өнүктүрүү Банкынын колдоосу менен «Секторду Өнүктүрүү Программасы: Инклюзивдүү Өсүү Чеберчилиги» долбоорунун алкагында инклюзивдик билим берүү чөйрөсүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат.

«Республиканын сегиз колледжинин базасында түзүлгөн борборлорунун имараттарында жана курулуштарында мугалимдер үчүн класстарды, лабораторияларды, ванна бөлмөлөрүн, эс алуу жайларын, ашканаларды, жатаканаларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Мүмкүнчүлүгү чектелген студенттерге шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Дегенде бул атайын пандустар, жуунучу бөлмөлөр жана ошол жерде жашай турган бөлмөлөр», — деп белгилешти министрликтен.

Курулуш иштери аяктагандан кийин окуу-өндүрүштүк комплекстер ар бир регион үчүн артыкчылыктуу адистиктер боюнча заманбап жабдуулар менен жабдылат.
Жалпы курулуш жумуштарынын суммасы 210 миллион 348 миң 720,29 сомду түзөт.

Долбоордун алкагында, бул колледждер буга чейин компьютер жана оргтехника, ошондой эле жатакана үчүн тиричилик техникасы менен жабдылган.

Exit mobile version