Марал Радиосу

Бишкекте COVID-19 менен ооругандар үчүн бош орундардын тизмеси

Бишкекте 17-июлда акыркы сааттарга карата COVID-19 менен ооругандар үчүн 209 бош орун бар. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык:

— Улуттук хирургия борборунда – бош орун жок;
— Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада – 2 орун;
— №2 клиникалык төрөт үйүндө – 12 орун;
— №1 шаардык клиникалык ооруканада – 8 орун;
— №6 шаардык клиникалык ооруканада – бош орун жок;
— Улуттук кардиология жана терапия борборунда – бош орун жок;
— Чүй облустук бириккен ооруканасында – 1 орун;
— Улуттук госпиталь: Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн – бош орун жок;
— Улуттук онкология жана гематология борборунда – 2 орун;
— Улуттук госпиталь: Урологиялык корпус – бош орун жок;
— Республикалык наркология борборунда – 32 орун;
— Улуттук госпиталь: Мобилдик клиника – 6 орун;
— Улуттук фтизиатрия борбору – бош орун жок;
— Аскер госпиталы – 5 орун;
— Курортология жана калыбына келтирүү институту – 57 орун;
— Улуттук госпиталь: Нейрокорпус – 5 орун;
— Д.Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи – 34 орун;
— Улуттук эне жана баланы коргоо борбору – 45 орун;
— Фтизиатрия борбору (КММА №6 жатакана) – бош орун жок.