Марал Радиосу

Депутат Айбек Осмонов азыркы саясий абал тууралуу социалдык баракчасына жазды

Жогорку Кеңештин депутаты, «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Айбек Осмонов азыркы саясий абал тууралуу өзүнүн facebook социалдык баракчасына жазды.
Ал азыркы бийликтин жасаган аракеттери мурдагыларга окшош болуп баратканын, коркутуу-үркүтүү жана адилетсиз кадамдар уланып жатканын жазып чыкты.
Ошондой эле, Осмонов Ош шаарында өткөн шайлоодо анын партиясы өтүп калганы кээ бирөөлөргө жакпай турганын билдирди.
«Негизи жеке мен, тигил же бул бийликти жамандоодон алысмын. Бирок, ойлонуп көрсөм биздин азыркы жашоо денгээлибизге, 3 жолку бийлик алмашууга, өлкөнүн учурдагы кейиштүү экономикалык абалга өлкө башкаруучусунун “тегерегиндегилер” күнөөлүү экенине ынанып баратам. Туура эмес маалыматтарды жеткирип, жеке амбицияларынан улам бирөөнүн ийгилигин жактырбай, жаратман жаштардын эл үчүн деп алдыга койгон кадамдарын чалынтуу максатта, сага жакшы эле пикирде жүргөн адамдардын оюн өзгөртүүгө жетишет тура. Кантели эми, инсанбыз да, адашуучубуз. Бирок, өткөөл бийликтердин тагдырынын кайталанышын биз каалабайбыз. Анткени өлкөбүздүн өнүгүп-өсүп, гүлдөшүн көргүбүз келет. Ошону менен бирге элибиздин кең келечеги үчүн алгылыктуу салым кошкубуз келет. Ал учун бизге бийликтин жон гана колдоосу керек эле… Дооронбек Садырбаев агабыздын сөздөрү тилекке каршы эсиме келип кетти…
Учурда деле артынан адам салуу, коркутуу-үркүтүү, адилетсиз кадамдар улангандай…
Ош шаарында өткөн шайлоодогу элибиздин колдоосу менен жараткан жетишкендигибиз кээ бирөөлөргө жакпагандай. Эртен кокустан эле биздин партиябызды тизмеден алып салса деле таң калбай калдым! …..Андай болсо бардык партияларга мыйзам бирдей иштесе жакшы болмок!», — деп Осмонов facebook баракчасына жазды.
Белгилей кетсек, Айбек Осмонов «Биздин Кыргызстан» саясий партиясынын лидери. Аталган партия шаардык кеңешке шайлоого катышып шайлоочулардын 7%ын алган.