Марал Радиосу

Бекбосун Бөрүбашов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Бекбосун Бөрүбашов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, Бекбосун Бөрүбашов президенттик башкарууга негизделген Баш мыйзамдын долбоорун даярдаган Конституциялык кеңешменин төрагасы болгон.