Марал Радиосу

«Акыркы көч» тасмасы Малайзиядагы кинофестивалда калыстардын сыйлыгын алды

«Акыркы көч» тасмасы Куала-Лумпурдагы эл аралык кинофестивалда (Малайзия) калыстардын атайын сыйлыгын алды. Бул тууралуу «Кыргызфильм» киностудиясынан билдиришти.

Коронавируска байланыштуу фестиваль аралаш форматта өткөн: онлайн жана кинотеатрларда көрсөтүлүп.

Тасманын режиссерлору – Бакыт Мукул жана Дастан Жапар уулу.