Марал Радиосу

Жамгырдын айынан Ош шаарында таза суу өчүрүлдү

Нөшөрлөп жааган жамгырдын улам Ош шаарында таза суу өчүрүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, жамгырдын улам Папан суу сактагычына сел суулары агып, Ак-Буура дарыясындагы суу ылайлангандыктан шаарда таза суу убактылуу өчүрүлгөн.

Түштүк-Чыгыш, ХБК, Туран кичи райондору жана Достук, Калинин конуштарында таза суу өчүрүлгөн эмес.