Марал Радиосу

Авариянын айынан «Жал» кичирайонунда 29 турак үй ысык суусуз калды

Бүгүн түнүндө болгон авариянын айынан Бишкектин «Жал» кичирайонунда 29 турак үй ысык суусуз калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Учурда авария жеринде «Бишкекжылуулукэнергия» ишканасынын кызматкерлери иштеп жатат. Ысык суу бир нече сааттын ичинде берилет.

Мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.