Марал Радиосу

Бир күндө өлкөдө 23 миң 528 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Бир күн ичинде өлдкөдө 23 миң 528 киши коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алардын ичинен 2 миң 402 киши вакцинанын экинчи дозасын алган.

Бүгүнкү күнү Кыргызстанда жалпы 178 миң 689 киши эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 91 миң 326 адам вакцинанын эки дозасын тең алган.

Аймактар боюнча:

— Бишкек – 50 миң 727;

— Ош шаары – 15 миң 130;

— Чүй – 25 миң 151;

— Ош – 30 миң 753;

— Ысык-Көл – 15 миң 575;

— Талас – 6 миң 376;

— Нарын – 6 миң 250;

— Жалал-Абад – 22 миң 92;

— Баткен – 6 миң 635.