Марал Радиосу

Кыргызстанда мамкызматкерлер COVID-19га каршы эмделүүгө милдеттендирилди

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер COVID-19га каршы эмделүүгө милдеттендирилди. Мындай чечим республикалык штабдын кезектеги отурумунда кабыл алынган.

Штабдын жыйында COVID-19га каршы күрөшүү, калкты эмдөөдөн өткөрүү ж.б. маселелер каралган.

Республикалык штабдын чечимине ылайык, Министрлер кабинетинин облустардагы өкүлдөрүнө, Бишкек менен Ош шаарларынын мэрлерине мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди милдеттүү эмдөөдөн өткөрүү ишин уюштуруу тапшрылган. Ошол эле учурда эмдөөгө каршы көрсөтмөсү бар кызматкерлерге вакцина алуу милдеттендирилбейт.