Марал Радиосу

Суракматов мамлекеттин эсебине 150 млн сом төгүп, тилкат менен камактан чыкты

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу тууралуу келишим түздү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Суракматов Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тилкаты менен камактан чыгарылган.

«Азиз Суракмато менен кызматташуу тууралуу процессуалдык келишим түзүлүп, ага ылайык ал Бишкек шаарында мыйзамсыз берилген жер тилкелери боюнча көрсөтмө берди. Ошондой эле, ал кенемте катары 170 млн сом зыяндын 150 млн сомун төлөдү. Калганы белгиленген график боюнча төлөнөт», — деп билдирет УКМК.

Эскерте кетсек, Суракматов мыйзамсыз баюуга шектелүүдө.