Марал Радиосу

Аксыда селден каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө акчалай жардам көрсөтүлдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда селдин кесепетинен каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акчалай жардамды Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев тапшырган.

Ал президенттин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 млн сом, ал эми үй-бүлө мүчөсү каза тапкан эки үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон берген.

Министрлер кабинетинин башчысынын Резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, үй-бүлө мүчөлөрү каза тапкан эки үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон тапшырылган.

Аксы районунун тургундары менен болгон жолугушууда Жунушалиев селдин кесепеттерин жоюу иштери президенттин жеке көзөмөлүндө экенин айткан.

Жунушалиев каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Жаңы-Жол айылында дайынсыз жоголгон 5 жашар баланы издөө иштери уланып жаткандыгын билдирди.

Эскерте кетсек, 12-июлда Аксы районунда сел жүрүп, Ак-Жол жана Жаңы-Жол айыл аймактарында суу 8 кишини агызып кеткен.  Алардын ичинен 7 кишинин сөөгү табылды. 5 дайынсыз болууда.