Марал Радиосу

“НАЗИК-КЫЗ” коомдук уюмунун кыздары кантип жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатышат?

Каныкей жаңы эле ата-энесинин үйүнөн көчүп келип, курбу кызы менен батирде жашап баштады. Бул кадам анын жашоосунда өтө маанилүү болду, анткени Каныкей ар дайым ата-энесинин камкордугунда жашап келген. Балдарды өз алдынча чоң жашоого кое берүү – бардык эне үчүн абдан татаал кадам, өзгөчө балаң церебралдык шал оорусу менен төрөлгөн болсо.

Бирок, Каныкейдин жашоосундагы жаңы кадамы жакшы башталды. Ал үчүн жашай турган жаңы жери – үйү да, жумушу да. Бала кезинен бери кийим тигүүнү жакшы көргөн Каныкей, азыр болсо моюн орогучтарды чеберчилик менен токуп, кийимдерге тапшырык алып тигет.

«Назик-Кызга» ал жети жыл мурда уялчаак, илбериңки кыз болуп келген. Азыр болсо Каныкей жана анын кесиптештери майыптыгы менен адамдар үчүн маанилүү болгон маселелерди активдүү көтөрүп жатышат.

Айпери менен Каныкей бир нече жылдан бери ынак курбулардан. Чогуу иштешет, чай ичип, күнүмдүк иштерди талкуулап туруу үчүн жолугушат.

Айпери дароо эле «Назик-Кыздын» мүчөсү болуп калган жок. Алгач ал уюмдун кызматкерлери менен телефон аркылуу баарлашып турган, андан кийин айрым ыктыярчылардын демилгелерине катыша баштады, бир нече жыл өткөндөн кийин, өзүнүн ички тынчсызданууларын жана коркунучтарын жеңип чыккандан кийин, кызматкерлердин расмий штатына кирип, командага кошулду.

Каныкей да, Айпери да «Жеткиликтүү шаар» долбооруна чоң үмүт салышат. Анткени бул долбоор аларга жана майыптыгы бар миңдеген башка адамдарга Бишкек шаарынын ичинде өз өмүрү жана ден-соолугу үчүн кооптонбой жүрүүгө жардам бермекчи.

2020-жылдын декабрь айында жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, анда Айпери жана башка уюмдардан келген бир пикирлештери катышты.

Отурумдун уюштуруучуларынын катарында «Назик-Кыз» уюмунун жетекчиси Үкөй Мураталиева да болгон.

Үкөйдүн сөзү боюнча, активисттик ишмердүүлүктүн башында ага абдан кыйын болгон, анткени алардын көйгөйлөрүнө көңүл бургандар өтө аз эле. Бирок, майыптыгы бар адамдардын арасында активисттердин саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу, алардын үнү улам катуураак чыгып, чындап эле бийликтин кулагына жете баштады.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү «Жеткиликтүү өлкө» планын иштеп чыгууга убада беришти, аны ишке ашыруу — активисттер үчүн зор ийгилик болмок, жана майыптыгы бар адамдардын жашоосуна олуттуу жакшы өзгөрүүлөрдү алып келмек.

«Жигердүү жарандар мезгили» — бул өз иш-аракеттери жана активдүү жашоо образы менен дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүп жаткан кыргызстандыктар жөнүндө окуялар. Булар биздин эле досторлорубуз, туугандарыбыз, кесиптештерибиз жана кошуналарыбыз. Алар ыктыярчы болуп, пикирдештер менен биргеликте коомдук уюмдарды түзүп, демилгелери менен коомчулугубузга жана жалпы өлкөнүн өнүгүшүнө чоң салым кошушат. Бул окуялар менен, алардын 2020-жылы өлкөгө Ковид-19 эпидемиясына каршы турууга жардам бергени жөнүндө, кыйынчылыктарга туш болгон адамдарга жардам бергени жөнүндө, жоопкерчиликтүү жана камкор жарандын үлгүсүн чагылдырганы үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келет.