Марал Радиосу

Көк бөрү жөнүндө даректүү тасма тартылууда

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы көк бөрү оюну жөнүндө даректүү тасма тарта баштады. Чыгармачылык топ өз ишин 14-июлда баштаган.

Тасманы тартуунун максаты – көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, дүйнөлүк аренада жайылтуу, жаштардын мекенчилдик сезимин тарбиялоо болуп эсептелет.

Көк Бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбековдун айтымында, тасманын тартылышын Көк бөрү федерациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков каржылап жатат.

«Көк бөрү оюнунун заманбап эрежелери 1996-жылы иштелип чыккан. Ага быйыл 25 жыл болду. Буга байланыштуу Көк бөрү федерациясы тарабынан көк бөрү боюнча даректүү тасма тартыла баштады», — деди ал.

Даректүү тасма тартылып бүткөн соң элге телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт.