Марал Радиосу

Кыргызстанда айт намазы мечиттерде окулат

20-июлда Курман айт күнү Кыргызстанда айт намазы мечиттерде окулат. Бул тууралуу «Маралга» муфтияттан билдиришти.

Айт намазын мечиттерде окуу өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынган.

Эскерте кетсек, адатта айт намаздары өлкөдөгү борбордук аянттарда окулуп келген.