Марал Радиосу

Чек ара кызматы: “Ак-Тилек” бекетинде 100гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат

15-июль саат 08:00гө карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде текшерүүдөн өтүү үчүн кезекте 100гө жакын жүк ташуучу унаа турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматы белгилегендей, алардын ичинен 30-40 унаа бош бара жаткан жүк ташуучу унаалар. Калган унаалар азык-түлүк жана башка тиричилик товарларын ташып бара жатат.

«Аталган  өткөрмө бекетинде жүк ташуу унаалардын топтолушу экономикалык ишмердүүлүктүн жанданышына жана жүк ташуунун артышына байланыштуу болууда», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттеринде кезек жок.

Эки өлкөнүн чек арасында Чүй облусунда «Ак-Жол», «Ак-Тилек», «Чалдыбар», «Кең-Булуң», «Токмок», Таласта «Чон-Капка» жана Ысык-Көлдө «Каркыра» өткөрмө бекеттери иштеп жатат.

Өкмөттүн чечимине ылайык жүк ташуучу унаалар «Ак-Тилек», «Чалдыбар», «Чон-Капка» жана «Каркыра» өткөрмө бекеттери аркылуу өткөрүлүүдө. Ошондой эле бош кетип жаткан жүк ташуучу унаалар Казакстанга «Кең-Булуң» аркылуу чыгып кете алышат.