Аксы районунда 12-июль күнү сел агызып кеткен 8 адамдын ичинен 5 жаштагы бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
14-июль күнү издөө иштеринин натыйжасында 2018-жылы туулган кыздын жансыз денеси табылган. Ал эми 2016-жылы туулган бала табыла элек. Издөө иштери кечээ кечки саат 18:00дө убактылуу токтотулган, бүгүн, 15-июль күнү да улантылат.
Ал эми тартылган техникалар Жолборсту жана Жаңы-Жол айылыдарында сел калдыктарын тазалоо иштерин жүргүзүшкөн.
Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.
12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдан кесепетинен Жолборсту сайынан сел жүрүп, 7 адамы агызып кеткен (2 аял, 5 жаш бала).
Мындан тышкары, Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында 2016-ж.т. баланы сел агызган.
Ошондой эле ички чарбалык жолдорду, ички чарбалык 4 көпүрөнү жараксыз абалган келтирген. Райкомол айылында ички чарбалык жолдун 700 метр аралыгын, Лесхоз тилкесинде ички чарбалык жолдун 300 метр аралыгын аӊдап жана 2 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөрдү агызып кеткен.
Тегене айылында ички чарбалык жолдун 600 метр аралыгын айрым жерлерин аӊдап кеткен, жол каттамына кыйынчылык жаралган.
Жаңы-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылында Кара-Бото жайлоосуна баруучу ички жолдорду сел каптап, 2 ички чарбалык көпүрөнү, 5 жөө адамдар өтүүчү көпүрөлөрдү сел агызып кеткен. Айыл тургундары учурда айланма жолдор менен катташууда.