Марал Радиосу

Кыргызстанда сабиздин баасы арзандай баштады

Кыргызстанда сабиздин баасы арзандай баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы агенттик билдирди.

Агенттик белгилегендей, базарларга сабиздин жаңы түшүмү келе баштагандыктан жана агенттик жүргүзгөн иштерден улам сабиздин баалары арзандай баштаган.

Учурда «Сары-Өзөн» базарында жуулган сабиздин килограммы 50 сом, жуулбаганы 45 сомдон сатылууда. Башка базарларда сабиздин баасы 60-70 сом болууда.

Эскерте кетсек, өткөн айда сабиздин баасы 100 сомдон ашып кеткен.