Япониянын Хамура шаарынын жашоочулары Токиодогу Олимпиада оюндарында дзюдо боюнча мелдешке катыша турган кыргыз курамасын колдоп Кыргызстандын гимнин аткарышты.
Алардын видеосу Хамура шаарынын Youtubeˈдагы расмий каналында жайгаштырышкан. Видео «Алга Кыргызстан, чамда Кыргызстан» деп аталат.
Белгилей кетсек, Хамура калаасы Олимпиадага катышып жаткан кыргызстандык дзюдочуларды кабыл ала турган шаар болуп саналат.
Олимпиадада дзюдо боюнча мелдешке Кыргызстандан атынан Владимир Золоев катышат.