Марал Радиосу

УКМК эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармады

Диверсиялык аракеттерди уюштурууну пландаштырып жаткан эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кармалган адам «М.А.» аттуу чет өлкөлүк жаран болгон. Ал «Жамаат Таухид ва Жихад» эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болуп, Кыргызстанга куралдуу кагылыштар болуп жаткан аймактан келген.

Ал Кыргызстанда башка адамдарды өз катарына тартуу менен алектенип жүргөн.