Марал Радиосу

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү беш айда 2,8 млрд долларды түздү

Быйыл январь-май айларында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 2,8 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Былтыркыга (январь-май) караганда быйыл тышкы соода жүгүртүү 27,7%га өскөн. Ошол эле учурда экспорт 4,4%га, импорт 40,5%га көбөйгөн.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон тышкы соода 1,3 млрд долларды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 34,8%га көбөйгөн. Ошол эле учурда экспорт дээрлик 75%га, ал эми импорт 24%га өскөн.