Марал Радиосу

Токтомамбет Сатышов Архитектура агенттигинин директору болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Токтомамбет Сатышов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин башка жарлыгына ылайык Уланбек Калманбетов Архитектура агенттигинин директору кызматынан бошотулду.