Марал Радиосу

Бир күн ичинде коронавирус 1 миң 292 кишиден табылып, 923 адам айыгып чыкты

Бүгүн, 13-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 292 адамдан табылды. Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 720, Ош шаарында — 38, Чүй облусунда — 196, Ош облусунда — 31, Талас облусунда — 16, Нарын облусунда — 23, Ысык-Көл облусунда — 49, Жалал-Абад облусунда — 101, Баткен облусунда — 118 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 923 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 6 адам каза болгон: Бишкекте – 3, Ош облусунда – 1, Чүйдө – 1 жана Ысык-Көлдө – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 587 адам, ал эми амбулатордук түрдө 14 миң 702 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 70 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 2 миң 946 адамдын абалы орто оор, 1 миң 352 киши оор жана 219 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 142 миң 270 учур катталды. Анын ичинен 119 миң 694 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 123 бейтап каза болду.