Марал Радиосу

ӨКМ: Аксыдагы сел 8 адамды агызып, алтоосунун сөөгү табылды

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагында кыска мезгилде жаап өткөн жамгырдан улам, кокту-колоттордон түшкөн сел суулары 8 жаранды (аты-жөнү такталууда) агызып, ӨКМ тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринен 6 адамдын (2 эркек, 4 аял киши) сөөгү табылып, сел калдыктарынан алынып чыгарылды,. Аты -жөндөрү такталууда. Калган 2 адамды издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжа болгон жок. Алар бири 5, экинчиси 3 жаштагы балдар экени айтылууда.

Ички чарбалык унаа жолдорду тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кеч киргендигине байланыштуу саат 01:25те издөө иштери жана тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулду. Бүгүн, 13-июлда издөө иштери улантылат.