Марал Радиосу

Улуттук Олимпиада комитети Эдуард Кубатовду Алтын орден менен сыйлады

Эверестти багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин Алтын ордени менен сыйланды. Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Алтын орден – Эверестке чыккандыгым үчүн өлкөбүздүн Олимпиада комитетинин жогорку сыйлыгы. Аткаруучу комитетке  бул сыйы үчүн ыраазычылык билдирем», — деп жазган ал.

Эскерте кетсек, Эдуард Кубатов Эверестке быйыл май айында чыккан. Ал дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган экинчи кыргызстандык болду. Ага чейин 1997-жылы Дмитрий Греков Эверестти багындырган.

Эверест – Жер шарындагы эң бийик чоку болуп эсептелет. Анын бийиктиги дээрлик 8 миң 849 метрге жетет.