Марал Радиосу

Кыргызстанга COVAX программасы боюнча вакцина август айынын ортосунда келиши мүмкүн

COVAX программасы боюнча коронавируска каршы вакцина Кыргызстанга август айынын ортосунда келери күтүлүүдө. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан COVAX программасына былтыр сентябрь айында кирген. Ал программа боюнча биздин өлкөгө калктын 20%ын эмдөөгө жете турган вакцина акысыз берилмек.

«Ал 2 млн 600 миң доза болчу. Биз кезекке турганда вакцинаны Индиядан алмакпыз. Бирок Индияда өз элине жетпегендиктен, алар вакцинаны берүүдөн баш тарткан. Андан кийин COVAX программасына кайра кайрылганыбызда, Түштүк Кореядан аларыбызды айтышкан. Ал жакта AstraZeneca вакцинасын чыгарган завод жетишпей жатат. Эми биз вакцинаны Швейцариядан ала турган болдук. Ал боюнча биз, элчилик иштеп жатат. Вакцина август айынын ортолорунда келип калат деген үмүт бар», — деди ал.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстанда коронавируска каршы 130 миңден ашык адам эмделген. Өлкөдө эмдөө Sinopharm жана Спутник V вакциналары менен жүргүзүлүүдө.