Марал Радиосу

Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары болду

Аймактык коопсуздук боюнча эксперт, дипломат Таалатбек Масадыков Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматты президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент 12-июлда «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Ага ылайык, өлкөдө Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлдү.

Аталган Жарлык Коопсуздук кеңешинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында чыгарылды.

Кыргызстандын тышкы саясаты тууралуу Таалатбек Масадыков менен болгон маекти көрсөңүз болот:

Масадыков менен тышкы саясат тууралуу маек