Марал Радиосу

Ташкенттен Ысык-Көлгө алгачкы 40 жүргүнчү келди

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Ташкент-Тамчы-Ташкент багытындагы алгачкы каттамды тосуп алды.

Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Ташкенттен Ысык-Көл облусуна келген каттамды Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аткарып, 40 жүргүнчү келди.

Авиакомпания каттамды жумасына 1 жолу — жекшемби күнү аткарат. Учуу убактысы — 1 саат 30 мүнөт.