Марал Радиосу

Бишкекте эмдөө пункттары ачылды

Бишкек шаарындагы Курманжан Датка эстелигинин жанында коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү каалагандар үчүн чатырлар тигилет.

Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Кечки саат 17: 00дөн 19.00гө чейин бардык жарандар коронавируска каршы эмдөө ала алышат. Ар бири паспортун алып келип, эмдөөдөн өтсө болот.

Кыргызстанга 11-июлда коронавируска каршы Sinopharm вакцинасынын кезектеги партиясы алып келинди. Вакцинаны өткөрүп берүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, Кыргызстандын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.