Марал Радиосу

Тажикстан: Жер титирөөдөн 5 адам каза таап, ондогон үйлөр кыйрады

Тажикстанда кечээ, 10-июлда болгон жер титирөөдөн 5 адам каза тапты. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри маалымдаган.

Жер титирөөнүн күчү 6 баллга жеткен.  Очогу Душанбе шаарынан 165 км узактыкта болгон. Хазорчашма, Ярхоб, Хижборак, Шархо, Сари Шухон, Аскалон кыштактарында ондогон үйлөр кыйрап калган. Лангари Шох кыштагында 5 киши каза тапкан. Раш районунда 2 бала жабыркаган.

АКШ Geological Survey изилдөө институнун маалыматында, Тажикстанда 6-8-9-июль күндөрү да күчү 5 баллга жакын жер титирөө болгон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен өкмөт башчы Кохир Расулзоданын башчылыгында атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия жабыркаган үйлөрдү кыдырып, чыгымдын көлөмүн эсептеп чыкмакчы.