Марал Радиосу

Марипов № 1032 шайлоо участогунда добуш берди

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоодо добуш берди.

Ал жубайы менен Бишкектеги №40 орто мектебинин имаратында жайгашкан № 1032 шайлоо участогунда добуш берди.

Марипов республиканын ар бир жараны өзүнүн добуш берүү укугун пайдалануу менен социалдык жоопкерчиликти, саясий жана укуктук жактан жетилгендигин көрсөтүүсү зарыл экенин айтты.

Быйыл 11-апрелде Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, бул шаарларда кайра шайлоо дайындалган.