Марал Радиосу

Жогорку соттун төрайымы № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берди

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкектеги Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинде орун алган № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Бүгүн Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

2021-жылы 11-апрелде 28 шаардык кеңешке өткөн шайлоодо үч шаардагы добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Бүгүнкү шайлоодо Бишкек шаарында 18, Ош шаарында тогуз, Токмок шаарында алты партия ат салышууда.