Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүүдө.
Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкекте айрым партиялар шайлоочуларына акча таратып жатканын айтышууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоолордогу мыйзам бузуулар боюнча Ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко кабар берүүнү суранат.
Ыкчам топтун байланыш номерлери:
Кыска номер – 1255
WhatsApp – 0990 021255
Жарандардын кайрылуулар үчүн – 0502 001255
Ишеним телефону – 0312 626246
Коомдук кабылдама – 0312 660240
Электрондук дарек – kgor_cec@shailoo.gov.kg
Борбордук шайлоо комиссия шаардык кеңештердеги шайлоого катышып жаткан партияларды шайлоо мыйзамдарын бузбоого чакырат.
Аталган үч шаардагы шайлоого шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 киши киргизилген. Анын ичинен Бишкекте – 426 миң 699, Ош шаарында – 152 миң 718 жана Токмокто 38 миң 100 шайлоочу. Шайлоо 326 шайлоо тилкесинде жүрүүдө.
Борбор калаада шайлоого 18 партия, Ош шаарында 8 жана Токмокто 6 партия катышууда.