Марал Радиосу

COVID-19: Илдет 1 миң 295 кишиден табылып, 9 адам каза болду

Бүгүн, 11-июлга карата Кыргызстанда коронавирус 1 миң 295 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 761, Ош шаарында — 46, Чүй облусунда — 139, Ош облусунда — 41, Талас облусунда — 19, Нарын облусунда — 32, Ысык-Көл облусунда — 45, Жалал-Абад облусунда — 98, Баткен облусунда — 114 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 758 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Бир күн ичинде коронавирустан 9 адам каза болгон: Бишкекте – 8, Ош шаарында – 1 киши.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 4 миң 636 адам, ал эми амбулатордук түрдө 13 миң 741 бейтап дарыланууда. Ооруканаларда дарыланып жаткандардын ичинен 60 бейтаптын абалы канааттандырарлык, 3 миң 50 адамдын абалы орто оор, 1 миң 322 киши оор жана 204 бейтап өтө оор абалда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 139 миң 648 учур катталды. Анын ичинен 118 миң 8 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 102 бейтап каза болду.