Марал Радиосу

Үч шаардык кеңешке көчмө урна менен добуш берүү жүрүп жатат

Бүгүн, 10-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоодо көчмө урна менен мөөнөтүнөн мурда добуш берүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Саат 12:00гө карата алынган маалымат боюнча Бишкек шаарындагы 124 шайлоо тилкесинен 1 467 шайлоочу көчмө урна менен добуш берген. Негизинен шайлоо тилкесинен тышкаркы жерден добуш берүү үчүн 138 шайлоо тилкесинен 2602 жаран арыз жазган болчу.

Ал эми Ош шаардык кеңешинен көчмө урнадан добуш берүүгө арыз жазган  1168 шайлоочунун 822си бюллетень салды. Негизинен 78 тилкенин 65ине мөөнөтүнөн мурда добуш берүү арызы келип түшкөн.

Токмок шаарында 20 шайлоо тилкесинен арыз берген 222 шайлоочунун 65и добуш берди. Негизинен 8 шайлоо тилкесинде көчмө добуш берүү аяктады.

Президент Садыр Жапаров көчмө урна менен добуш берди