Марал Радиосу

Президент Садыр Жапаров көчмө урна менен добуш берди

Бүгүн, 10-июлда Президент Садыр Жапаров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын кайра шайлоого катталган шайлоо тилкесинен тышкары жайда добуш берди. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө башчынын мындай чечимге келүүсүнө жеке коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлеринин биринен коронавирус инфекциясы табылганына байланыштуу болгон. Мындан улам участкалык шайлоо комиссиясы көчмө добушкана уюштуруп берген.

Маалымат кызматтын билдирүүсүнө караганда, президенттин өзүнөн коронавирус аныкталган эмес. Бирок дарыгерлердин сунуштарынын негизинде башкалардын ден соолугуна коркунуч келтирбөө максатында обочолонууга өткөн.

Эскерте кетсек, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 33-беренесине ылайык, жүйөлүү себептерден улам же ден соолугуна байланыштуу добуш берүү тилкесине келе албаган шайлоочуларга участкалык комиссия бир күн мурун көчмө добушкана уюштуруп берет.

Эртең, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтөт.