Марал Радиосу

«Манастын айылын» курууга сынак жарыяланды

Манас айылы тарыхый-этнографиялык комплекси Президенттин иш башкармалыгы менен биргеликте «Манастын айылын» куруу боюнча архитекторлор арасында сынак жарыялады.

Сынакка келип түшкөн архитектуралык долбоор этноколорит стилинде даярдалып, Манас дүйнөсүн даңазалашы керек. Сынактын максаты Манас айылынын экспозициясынын көркөм чечимин калыптандыруу, мыкты долбоорлорду тандап алуу, комплексти кайра куруу үчүн жаңы идеяларды издеп табуу болуп саналат.

Сынакка жеке архитекторлор да, командалык топ да, адистик компаниялар да катыша алат. Катышууну каалагандар 18-июлга чейин электрондук каттоодон өтүүсү керек. Ал эми долбоорлор 5-сентябрь саат 17:00гө чейин кабыл алынат.

Уюштуруу тобу электрондук каттоодон өткөн гана долбоорлор сынакка жөнөтүлөрүн эскертет.