Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: 10-14-июлда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет борбору 10-14-июлда жаан жаап, тоолуу аймактарда кыян агып, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертет.

11-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, түздүк аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24;

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 27…32;

Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 25…30;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында ​түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37 градус болот.

Бишкек шаарында өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 30…32 градус жылуу болот.