Марал Радиосу

Чүйдө эки кыз сууга чөгүп каза тапты

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Эпкин айылындагы көлмөгө эки кыз чөгүп кетип каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Кечээ, 9-июлда «102» кызматына жаш кыздардын көлмөгө чөгүп кеткени боюнча кабарлама түшкөн.

ӨКМдин 3 куткаруучусу жеринде издөө иштерин жүргүзүп, 2003-жылы туулган К.А. жана 2005-жылы туулган Э кызы А.нын сөөгүн суудан алып чыгышкан.

Кыздардын сөөгү Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.