Марал Радиосу

Баткен: Чек арадагы атышуудан каза болгон аскердин сөөгү үйүнө бүгүн алынып келет

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан каза болгон аскердин сөөгү бүгүн, 9-июль күнү Тажикстандын аймагы аркылуу Кыргызстанга алынып келет. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматы кыргыз чек арачысы ок атышуу учурунда Кыргызстандын аймагында каза болгонун белгилейт. Окуя болгон жер тоолуу болгондуктан сөөктү Тажикстан аркылуу алып өтүүгө туура келет.

«Тажик аскерлери Кыргызстандын бир чек ара аскерин гана кармап кеткенин белгилейбиз. Анын кайтаруу маселеси эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө талкууланууда», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Ошондой эле Чек ара кызматы саат 18:00гө карата абал туруктуу экенин билдирет.

Күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо үчүн Баткен облусуна Башкы штабдын башчысы – УКМКнын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары Курсанбек Бекташов учуп кеткен.

Эскерте кетсек, Чек ара кызматы кечээ, 8-июль күнү болжол менен саат 17:00дө Чашмагилдан ашуусу жакта Тажикстандын чек арачылары кыргыз чек арачыларына күтүүсүздөн кол салганын жана ортодо ок атышуу болгонун билдирген. Ал окуядан Кыргызстандын 27 жаштагы аскер Хуснидин Хожиев каза болгон.