Марал Радиосу

«Кумтөр» иши: Мурдагы президенттер Акаев жана Бакиев жазаланды

«Кумтөр» долбоору боюнча мурунку президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев жана жогорку кызматтагы адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Мекемелер аралык тергөө тобу «Кумтөр» долбоорунун алкагында Кыргызстан менен канадалык инвесторлордун ортосундагы келишимди түзүүнүн жана реструктуризациялоонун жагдайларын аныктоого багытталган ири көлөмдөгү иштерди жүргүздү.

1992-жылы Башкы келишимди түзүүдө жана ага 1994-жылы өзгөртүүлөрдү киргизүүдө экс-президент Аскар Акаевге, Реконструкциялоо жана экономикалык өнүгүү комитетинин мурдагы төрагасы Б.Бирштейнге коррупция фактысы боюнча сыртынан кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн.

Экс-премьер-министрлер Турсунбек Чынгышев, Апас Жумагулов жана «Кыргызалтын» мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жасоого шектүү деп табылып, эскертүү берилген.

«Камеко» компаниясы менен 2003-жылы түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция фактысынын натыйжасында, Кыргызстандын «Центеррадагы» үлүшү 25,7% га (7,3 млрд. сом) төмөн бааланып, мурдагы президент Аскар Акаев да сыртынан кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошондой эле 2009-жылы «Кумтөр» долбоорунун жаңы шарттары боюнча келишим түзүүдө жогорку кызмат адамдары «Центерранын» кызыкчылыктарын жогору коюп, экологияга зыян келтиришкен.

Ушул эпизод боюнча кылмышка шектүү катары өлкөнүн мурдагы премьер-министри Игорь Чудиновго, «Кыргызалтын» ААКнын мурунку башкармалыгынын төрагасы А. Жакыповго, мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору К. Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы А. Елисеевге, инвесторлордун өкүлү А. Сазановго, мурдагы президент Курманбек Бакиевге жана анын уулу Максим Бакиевге издөө жарыяланды.

Тергөө тарабынан аныкталган коррупциялык фактыларды жана элдин кызыкчылыгына жооп бербеген канадалык инвесторлор менен түзүлгөн келишимдердин шарттарын эске алуу менен, тергөө Башкы прокуратура менен биргеликте «Кумтөр» долбоору боюнча келишимдерди денонсациялоо процессин баштаган.

1992-2009-жылдардагы эпизоддор боюнча тергөө иштери акыркы баскычта турат. Ошол эле учурда 2017-жылы түзүлгөн «Кумтөр» боюнча келишимди иликтөө улантылууда.