Марал Радиосу

Этникалык кыргыздар жарандыкты жеңилдетилген түрдө ала алат

Президент Садыр Жапаров «Этникалык кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргызстандын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын Конституциясына жана «Кыргызстандын жарандыгы жөнүндө» мыйзамына ылайык, Кыргызстандын аймагындагы этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алууда артыкчылыкка ээ жана аларды жарандыкка кабыл алуу жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ишке ашырылат.

Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Тышкы миграция департаментинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 5 миңден ашык этникалык кыргыз жашап, алардын ар кандай себептер менен өздүгүн аныктоочу документтери жок.

Жыйынтыгында көптөгөн этникалык кыргыздар чет өлкөлүк паспортторунун жоктугунан улам Кыргызстандын аймагында укуктук статуска ээ эмес жана Кыргызстандын жарандыгын алууда кыйынчылыктарга дуушар болушууда. Бул маселенин актуалдуулугу COVID-I9 коронавирус инфекциясы пандемиясынын башталышы жана өзгөчө абал режиминин киргизилиши мезгилинде күчөгөн. Ага байланыштуу этникалык кыргыздар жана алардын үй-бүлөлөрү негизги социалдык жана медициналык кызматтардан (тез жардам кызматы келбей, ооруканага кабыл алынбаган учурлар ж. б.) пайдалана алышпайт.

Аталган категорияга төмөнкүлөр кирет:

— эгерде чет өлкөлүк паспортунун, СССРдин паспортунун, ошондой эле кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү бүтсө же бүтүп жатса;

— туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болсо (жоголгон, жарактан чыккан, албаган болсо ж. б.);

— республиканын аймагында жашап, жаш курагы 18ге жетсе, бирок ар кандай себептерден улам паспорту жок же Кыргызстандын жарандыгын ала элек болсо;

— Кыргызстанда төрөлүп, ата-энеси Кыргызстандын жарандыгын алганга чейин эрезеге жеткендер.

Убактылуу жобо