10-июлдан 14-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Эртең, 10-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда күн ачык болот.
Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 19…24, күндүз 30…35 градус;
Талас облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33;
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн 21…26, күндүз 32…37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 25…30;
Нарында түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 33…35 градус.