Марал Радиосу

Токиодо өтө турган Олимпиада мелдештерине көрүүчүлөр киргизилбейт

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодо өтө турган Олимпиада мелдештерине көрүүчүлөр киргизилбейт. Бул тууралуу өлкөнүн Олимпиада иштери боюнча министри Тамаё Марукава билдирди.

Мындай чечим Токиодо коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн 12-июлдан 22-августка чейин өзгөчө абал жарыяланганына байланыштуу кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Олимпиада мелдештеринин көбү Токио шаарында өтөт. Бирок Токио шаарынын сыртында өтө турган айрым мелдештер бар. Ал жактагы оюндарга көрүүчүлөрдүн киргизилип-киргизилбей турганын уюштуруучулар жергиликтүү бийлик менен бирге чечет.

Эскерте кетсек, Токиодогу Олимпиада (ошондой эле Паралимпиада) оюндары былтыр өткөрүлүшү керек болчу. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Быйыл Олимпиада мелдештери 23-июлдан 8-августка чейин, ал эми Паралимпиада 24-августтан 5-сентябрга чейин өтөт.