Марал Радиосу

Баткен: Чек арадагы ок атышуудан бир чек ара аскери каза болду

Кечээ, 8-июлда кыргыз-тажик чек арачылары ортосунда болгон куралдуу кагылыштан бир кыргыз чек ара аскери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

«Тажикстандын чек арачыларынын кыргыз чек арачыларына кол салуусунан Кыргызстандын 27 жаштагы Хуснидин Хожиев аттуу чек ара аскери каза болду. Учурда анын өлүмүнүн чоо-жайы териштирилүүдө», — деп билдирет Чек ара кызматы.

Алдын ала маалымат боюнча тажик тараптан да каза болгон жана жаракат алгандар бар.

Окуя жеринде Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери бар. Алар коңшу өлкөнүн чек ара өкүлдөрү менен аталган окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, Чек ара кызматы кечээ, 8-июль күнү болжол менен саат 17:00дө Чашмагилдан ашуусу жакта Тажикстандын чек арачылары кыргыз чек арачыларына күтүүсүздөн кол салганын жана ортодо ок атышуу болгонун билдирген.