Марал Радиосу

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлдү

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты коррупция менен күрөш жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын  өркүндөтүү жана мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосундагы натыйжалуу диалогду камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъектилердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп эсептелет.

23-июнда Жапаровдун бизнес-коомчулук менен жолугушуусу өтүп, анда ал жакынкы аралыкта президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлөрүн билдирген.