Марал Радиосу

ИИМ кыргыз жарандыгын алган чет элдиктерге паспорт кандай жол менен берилгенин текшерет

Ички иштер министрлиги Кыргызстандын жарандыгын алган чет элдиктерге паспорт кандай жол менен берилгенин текшерет.

ИИМден билдиришкендей, Орхан Инандынын жоголушу боюнча ачылган иштин жүрүшүндө ал Түркиянын жараны болуп туруп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын ID-паспортун жана ошол эле жылдын 25-декабрында жалпы жарандык паспорт алганы аныкталган. Учурда ага берилген паспорттордун  мыйзамдуулугу иликтенүүдө.

Аталган иштин алкагында Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун алган чет элдик жарандарга документтин мыйзамдуу берилип-берилбегендиги, алардын кош жарандуулугу бар же жоктугу текшерилет. Ошондой эле паспорт кимдер тарабынан берилгени сыяктуу фактылар иликтенип, аларга юридикалык баа берилет.

«Ички иштер министрлиги паспорт системасында тартип орнотуу максатын көздөйт. Иликтөө учурунда мыйзамсыз берилген паспорттор боюнча маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукту кабардар кылып турабыз», — деп билдирет ИИМ.