Марал Радиосу

Серхио Рамос «ПСЖ» клубуна өттү

Испаниялык футболчу Серхио Рамос Франциянын «ПСЖ» клубуна өттү.

Рамостун «ПСЖ» менен келишими 2023-жылдын 30-июлуна чейин түзүлгөн.

Буга чейин испаниялык футболчу «Реал Мадрид» клубунда ойноп келген. Июнь айында келишими аяктаганына байланыштуу ал клубдан кеткен. Рамос «Реал Мадриддин» катарында 2005-жылдан бери ойноп, Испаниянын чемпионатын беш жолу, Чемпиондор лигасын төрт жолку жеңген.